Кыргыз-кытай парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн кеңири маселелерин талкуулашты.

Улан Примов эки өлкө ортосунда өз ара саясий ишеним бекемделгенин, коопсуздук жаатындагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын, соода-экономикалык кызматташтык кеңейгенин, маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү үчүн бекем негиз түзүлгөнүн баса белгиледи.

Көптөгөн облустарда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып жатып, Улан Примов үч өлкө үчүн тең зор мааниге ээ болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу региондор аралык байланыштарды чыңдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, комитеттин башчысы Улан Примов менен элчи Ду Дэвэнь эл аралык "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына көңүл бурушту. Тараптар пункттун ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын транспорттук-экспорттук потенциалын жогорулатууга жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө өбөлгө болот деп макулдашышты.

Парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине байланыштуу тараптар бул чөйрөдө олуттуу натыйжаларды белгилешти. Мындан тышкары, тараптар КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кытайга боло турган иш сапарын кеңири талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий