• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз мүнүшкөрлөрү алгыр куштарга тиешелүү документтерди берүү керектигин айтып чыгышты

Коом 0


Бишкек, 20.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргыз мүнүшкөрлөрүнүн алгыр куштарына тиешелүү документтерди берүү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз мүнүшкөрлөр” ассоциациясынын негиздөөчүсү Мирлан Калилов билдирди.

Анын айтымында, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз мүнүшкөрлөрү 1-2-орундарды ээлеп, байгелүү кайтышты. Мамлекеттин атынан катыша турган эл аралык мелдештердин алдында куштарга убактылуу паспорт жасалат. Бирок өз алдынча башка чакырууларга куштар менен чек арадан өтүүгө мыйзам жол бербейт. Мындан улам мыйзам чегинде бул маселени чечүү зарылдыгы жаралууда.

“Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгелүү орундарды алдык. Ошол эле маалда медалдын эки бети бар дегендей, биз мүнүшкөрлөр туш болуп жаткан көйгөйлөр да жок эмес. Анткени, мыйзам чегинде мүнүшкөрлөрдүн тиешелүү документтери жок. Кызыл китепке кирген куштарга атайын чип, паспорт, маалым кат жасалып берилсе, мүнүшкөрлөргө чет мамлекеттердеги мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Буга байланыштуу биз президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып жатабыз. Аздектеп, аяр мамиле кыла турган мүнүшкөрлүк кесипке көңүл буруу керек деп эсептейм. Куштарыбызды документтештирүүгө көмөк берилсе, бизге чоң жардам болмок”, - деди ал.

Маалымат жыйынында “Кыргыз алгыр куштары” федерациясынын өкүлү Төлөбек Адамалиев мындай маселе аймактардагы мүнүшкөрлөрдүн бардыгында бар экендигин айтты.

“Куштарды кармаганга жана таптаганга болбойт деп бизге ар кандай тоскоолдуктар жаралып келет. Өлкөдөгү мүнүшкөрлөрдүн дээрлик 95 пайызынын документи жок. Региондордо кушчулар жоголуп баратат. Нарында мисалы, 4 эле бүркүтчү калды, саны жылдан жылга азайып баратат. Мүнүшкөрлөр өздөрү менен өздөрү алек. Жергиликтүү бийликтерден деле колдоо жок”, - деп белгиледи Төлөбек Адамалиев.

Мүнүшкөр Нурлан Эргешбаев Таласта да мүнүшкөрлөр бар экендигин айтып, бул кесипти өнүктүрүүгө болгон күч-аракетти жумшоо зарыл деген ойдо.

“Биздин куш таптаган ышкыбоздорубузга көнүл бурулса деп айтып кетет элем. Анткени алар Кыргызстандын намысын коргоп, эл аралык мелдештерге катышат. Мелдештерге канчалык көп чыгышса, ошончолук тажрыйба топтолот. Жаш мүнүшкөрлөрдү да өстүрүп, бул өнөрдү унутта калтырбашыбыз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий