• 87
  • 89.68
  • 0.84

Кыргыз мал чарба институтунда асыл тукум букалар багылууда – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун айыл чарба малдарынын биотехнологиясы бөлүмүндө 6 асыл тукум өндүргүч букалар багылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, абердин-ангус, симментал, швиц, голштино-фриз тукумундагы асыл тукум букалардын өндүрүлгөн уруктары 0,25 мл өлчөмүндө пайет жана гранул түрүндө тоңдурулуп, -196 градуста суюк азотто сакталат.

Өндүрүлгөн уруктар өлкөдө ири мүйүздүү малдын асылдуулугун жасалма уруктандыруу жолу менен жакшыртуу максатында техник уруктандыруучулар тарабынан колдонулат.

Белгилей кетсек, жасалма уруктандыруу жолу аркылуу малдардын асылдуулугу жогорулайт. Натыйжада эт-сүттүн өздүк наркы төмөндөп, азык-түлүк коопсуздугу сакталат.

Пикир

Оставить комментарий