• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "ЛУ Бань өнөрканасы" ачылды

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Лу Бань өнөрканасынын” ачылыш аземине катышты.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень, Чжэцзян провинциясынын партиясынын туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Чен башында турган делегация катышты.

Өнөркана гидродинамика, гидротехникалык курулмаларды, жаңы энергетикалык ресурстарды, робототехникаларды, маалыматтык моделдөө жана автоматташтыруу лабораториялары, “Электр энергиясын берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн интеллектуалдык системасы” жана “Энергетикадагы санариптик автоматташтыруу системалары” лабораториялары жаңы жабдуулар менен жабдылган.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу “Лу Бань өнөрканасы” Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

“Бул долбоор 2023-жылы биздин өлкөлөрүбүздүн жетекчилеринин жогорку деңгээлде жетишилген стратегиялык келишимдеринин аркасында мүмкүн болду. Кытай университеттери жана компаниялары менен өнөктөштүк кыргызстандык студенттерге жана окутуучуларга инновация, билим берүү жана илим сыяктуу маанилүү тармактарда алдыңкы тажрыйбаны алууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.

Белгилей кетсек, “Лу Бань өнөрканасында” студенттер алдыңкы технологияларды окуп-үйрөнүшөт, талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүшөт, анын натыйжасында дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жогорулата алышат.

Пикир

Оставить комментарий