• 86.2
  • 92.12
  • 0.88

Кыргыз медицинасында эмне кеп?

Ден соолук 0

Узап бара жаткан жыл Кыргызстан үчүн башка тармактардагыдай эле медицина жаатында да ийгиликтүү жана жетишкендиктин, ошондой эле ачылыштардын жылы болду. Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу жасалган органдарды трансплантациялоо операциялары башталды. Адамдын жашоосу үчүн маанилүү болгон – боор, бөйрөк жана сөөк чучугун алмаштыруу операциялары ишке ашты. Болгондо да бекер. Мамлекет бардык чыгымдарга каражат бөлүп, бейтаптардан дары-дармекке да бир тыйын алынган жок.

Президент Садыр Жапаров кызматка киришкенден тарта калктын саламаттыгын биринчи орунга коюп, медицина тармагында эзели болуп көрбөгөн олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Буга чейин жалаң гана чет өлкөдөн жасалып келген оор операцияларды өзүбүздөн жасалат деген олуттуу чечим кабыл алды. Албетте, бул өтө чоң тобокелдик эле. Себеби Кыргызстандын ооруканаларындагы медициналык жабдыктар менен дарыгерлердин тажрыйбасы да жетишсиз болчу. Анын үстүнө бул жерде адам өмүрүн түздөн-түз тобокелдикке салуу жоопкерчилиги турган. Жан сыздаткан дарттан азап чегип, чет мамлекеттен миллиондогон акчаларга операцияга кылдырууга кудурети жетпей, жашоо дегенде көзү учуп-күйүп турган жандарга табылгыс чоң кубаныч болду. Элди толкутуп, уккан адамга кубаныч тартуулаган дагы бир жагымдуу жаңылык – «Операциялар акысыз жасалат» деген жарлык болду. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор чет жака жете албай, айласыздан өмүрү менен коштошуп, өмүрү аянычтуу аяктаган учурлар көп эле катталган.

Былтыр, 2023-жылдын 1-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи ирет акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Адистердин айтымында, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган. Андан бери жалпы 16 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү ишке ашты.

Президент атайын ооруканага барып, операциядан чыккан бейтаптардын абалы менен таанышканынан көпчүлүк кабардар. Өлкө башчы өз сөзүндө, “Мындай операция чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Муну да мамлекет төлөп берет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат», - деп билдирген. Ушул жерден президент Садыр Жапаровдун дагы бир кыраакылыгы байкалат. Медицинадагы оор операцияларды өзүбүздүн мамлекетте жасоо менен өз элибиздин саламаттыгын сактап гана чектелбей, Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүү максаты бар экени байкалат. Операция жасатууга чет өлкөдөн бир эле бейтап келсе, аны коштоп келгендердин мейманканасы, баскан турганы, жол акысы деп мамлекетке бир топ акча түшүп атпайбы. Көрөгөч адам бир тараптуу ойлонбой, маселени бардык ракурстан карайт деген сөз мына ушул жерге дал келип турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алгандардын саны-2600 адамды түзөт. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошондо, жыл ичинде гемодиализге мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө.

Ошентип 2-этапта боор алмаштыруу операциясы башталды. Алгачкысы, 2024-жылдын 10-11-июнунда боор алмаштыруу операциясы жасалды. Анда 50-51 жаштагы эки бейтапка өздөрүнүн 27 жана 31 жаштагы кыздары донор болуп, операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптар кезекке жазылып, улам даяр болгону кезек-кезеги менен жасалууда.

Статистикага таянсак, Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж. Боорду алмаштыруу боюнча программанын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Кийинки этапта бардык операцияларга каражат бөлүнүп турат.

Ал эми 3-этапта жилик чучугун алмаштыруу боюнча 4-августтан тарта Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун Онкология жана онкогемотология бөлүмүндө алгачкы операцияга даярдыктар башталып, кыргыз медицинасынын тарыхында биринчи ирет 2-октябрда аталган борбордо без шишигинен жабыркаган 14 жаштагы кыздын сөөк чучугун алмаштыруу үчүн өзөктүк клеткалар алынган.

Бул үчүн аталган ооруканага миллион долларга жабдуу сатып алынган. Сөөк чучугун трансплантациялоо операциясына үч бөбөк жана бир чоң адам даярдалган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай коркунучтуу дарт менен көбүнчө жаш балдар жабыркайт, арасында чоңдор дагы кездешкен учурлар катталат. Бул операциянын башка операциялардан айырмачылыгы, ал бир нече процесс менен жасала турган, өтө татаал операция. Операцияны Түркиядан окуп келген кыргызстандык дарыгерлер жасоодо. Мындай операция чет өлкөдө 100-160 миң доллар турат. Министрликтин маалыматына ылайык, биздин өлкөдө жылына 200гө жакын жаш балдар онкологиялык дартка чалдыгат. Эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүндө жылына болжол менен 500-600 бала дарыланат. Бейтаптардын дээрлик тең жарымы ак кан оорусу менен ооруганы далилденген. Алардын көпчүлүгү сөөк чучугун алмаштырууга муктаж.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, рак оорусуна чалдыккан балдардын операциясы акысыз болуп, дары-дармектери «Кыргызфармация» мамлекеттин мекемеси тарабынан бекер берилет.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий