• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

"Кыргыз милициясы" музыкалык клиби тартылды – видео

Коом 0


Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. "Кыргыз милициясы" аталышындагы музыкалык клип тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толду. Бул маанилүү күндүн урматына өлкөдө ар кандай салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Милиция өз ишмердигинин бардык этаптарында мамлекетти жана коомду кылмыштуулуктан коргоо, укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келет. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар тартип сакчыларынын алдында жаңы тапшырмаларды коет.

Борбордук милициянын жетекчилигинин демилгеси жана чыгармачыл топтун колдоосу менен кыргыз милициясынын мааракесине арналган белгилүү эстрада жылдыздарынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттеринин аткаруусунда сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Курал Чокоевге таандык "Кыргыздын милициясы" аттуу музыкалык клип тартылды.

Анда милиция кызматкерлеринин кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо, тергөө аракеттеринин жүрүшү, коомдук тартипти сактоо, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтөгөн кызматы көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий