Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. 1-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу күндүзү парад, кечинде майрамдык концерт болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлүп, бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин "Ыр Кесе" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болушат. Концерт саат 18:00 дө башталат.
"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, 1-ноябрда борбор калаанын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет, түшүнүү менен мамиле жасап, жол жүрүүнүн ыңгайлуу жолдорун алдын ала тандап алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий