• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргыз милициясына 100 жыл. Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен маек

Маек 0

Кыргыз милициясы туура 100 жыл мурда 1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечими менен түзүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлиги өзүнүн 100 жылдыгын белгилөө менен бирге басып өткөн жолуна саресеп салып, алдыга чоң максаттарды коюп турган кези. Кыргыз милициясынын тарыхы, жетишкендиктери жана учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

— Кыргыз милициясынын тарыхы жана бүгүнкү күндөгү абалы менен ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

Ар бир нерсенин өзүнүн табияты жана түпкү тарыхы болгондой эле, кыргыз милициясынын да чоң тарыхы бар. Биздин өлкөбүз 100 жыл мурда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп жаңыдан түзүлүп, кыйынчылыктардын кырында жана сыноолордун курчоосунда турган мезгилде, элибиздин туруктуу өнүгүүсү үчүн, эң алгач темирдей бекем тартип керек болгон.

Бир ууч элибиздин өсүп-өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан башаламандыктарды, коомго зыян алып келген окуяларды жөнгө салып, бийлик менен элдин ортосундагы карама-каршылыктардын чыңалуусуна бөгөт коюу максатында “Жумушчу милициясы” түзүлүп, ишке киргизилген.

Анын аткарган ишмердигине - элдин коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү эле эмес ,карапайым калктын зыянга кириптер болушуна бөгөт коюу, күчтүүлөрдүн алсыздарга үстөмдүк кылуусун болтурбай, баарына бирдей жашоо тартибин орнотуу багытында маанилүү милдеттер жүктөлгөн. “Жумушчу милиция” деп аты айтып тургандай, ал түзүлгөн күндөн баштап, бардык күч-аракети коомчулукка кызмат көрсөтүүгө багытталган. Ошентип, “Кыргыз милициясы” коомубуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып “оорун колдон, жеңилин жерден алган” элдик сакчыга айланган.

Көп улуттуу Советтер союзу түптөлүп, бай-кедей сыяктуу режимди жоюу, калк арасындагы теңдикти орнотуу жана адам укугун даңазалоону кеңири жайылтуу боюнча, милиция кызматы эбегейсиз чоң иштерди жасап, эл арасында туура жашоо пропагандасын татыктуу аткарган.

Мына ушундай жоопкерчиликтүү жумуштарды ишке ашырып, “Менин милициям - мени коргойт” деген бийик түшүнүктү калыптандырууга жетишкен. Ошол учурдагы өздүк курамда, материалдык-техникалык база, талапка жооп берген формалык кийим-кечек, иштөөгө ыңгайлуу шарттар, керек болсо жогорку билимдери да болгон эмес. Бирок, алардын жүрөгүндө “эл-журтубуздун копсуздугун бекем сактоо” деген аруу сезим жашагандыктан, жүктөлгөн вазыйпаны татыктуу аткарышкан. 1941 жана 1945-жылдары “экинчи дүйнөлүк” согушка “Кыргыз милициясынын” өздүк курамы активдүү катышып, согуш талаасында эле эмес, орукта да коопсуздук менен тынчтыкты солкулдатпай бекем кармап, мекенибиз үчүн көптөгөн кызматтарды өтөдү. Анын баары, тарых барактарында узун сабак болуп жазылып турат.

Өзүнүн тайманбас мүнөзү жана калыстыгы менен элибиздин купулуна толуп, жогорку ишенимге ээ болуп, “коомдук тартипти сактоо” калкыбыздын турмушунда абдан зарыл милдет экендигин дагы бир жолу айгинеледи.

1979-жылдан 1989-жылдары дээрлик 10 жылга созулган “Афган согушунда” улуу муундун офицерлери жана катардагы сержанттары “тынчтык үчүн” деген ураан менен абалды жөнгө салуу милдеттерин аткарышып, бейпилдиктин өчпөс үлгүсү катары элибиздин эсинде калышты. 1999-жылы Баткен жергесине террорчулар куралдуу кол салып, жарандарыбызды барымтага алган окуяларда, биздин кызматкерлерибиз баатырларча кармашып, “коомдун накта сакчысы” деген сыймыкка татыктуу болушту.

Өлкөбүз эгемендик алып, өз алдынча республика макамына ээ болгон күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки “Кыргыз милициясы” коомдук тартипти жана элибиздин коопсуздугун сактоо милдеттеринен четтеп кеткен жок. Коомдук-саясий чыңалуудан пайда болгон төңкөрүштөрдө, улуттар аралык жаңжалдарда, чек ара чык-чатактарында, адамзатты каптаган вирустук апааттарда эң алдыңкы сапта туруп, өз милдеттерин так аткарып, “милиция болбосо - тартип болбойт” деген түшүнүктү тастыктай алды. Жалпылап айтканда милициянын тарыхында так калтырган дагы башка бир катар окуялар жана кыйын мезгилдер өттү.

Жогоруда аталган бардык окуяларда жана өлкөбүзгө чоң коркунучтар жаралып, капсалаңдуу абал пайда болгон кезде, “Кыргыз милициясынын” кызматкерлери эли-жерин коргоп, баатырларча курман болушту. Алардын эрдиктери жалпы коомубузга чоң сабак болуп калды. Өз жанын курмандыкка чалган кесиптештерибиз “Ата-Мекен” адамдын жашоосунан бийик турган ыйык нерсе экендигин, аны көздүн карегиндей сактоо - өмүрдөн да кымбат тураарын үлгү катары көрсөтө алышты. Алардын жаркын элестерин жана элибиз үчүн жасаган ак эмгектерин эч кимибиздин унутууга акыбыз жок.

Кайсыл гана мезгил болбосун “ак менен каранын”, “согуш менен тынчтыктын” айыгышкыс кармашында жүргөн “Кыргыз милициясы”, улам убакыт өткөн сайын болоттой бекем курчуп, бир кылымдык узак жолду тайманбастан басып өтүп, 100 жылдык өрнөктүү жолунун чегине жеткени турат.

Эң башкысы - 100 жыл аралыгында биздин милиция, калкыбыздын жай турмушун камсыздап, бейпилдиктин кепилдиги болууга жетише алды. Карапайым адамдарга ишеним жараткан таберикке айланды. Эң алгачкы “Жумушчу милициясы” калыстыкты жана чынчылдыкты чагылдырган милдеттерди түптөп кетсе, Советтер союзу доорундагы милиция элдин ишенимине жол ачып, коомчулукту коргоо вазыйпасын даңазалады.

Ал эми азыркы мезгилдеги “Кыргыз милициясы” өнүгүү жолуна түшүп, бардык жактан өзгөрүп, жаңы заманбап ыкмалар менен коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө өттү.

Акыркы жылдары бардык ички иштер органдарынын имараттарында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, эскилиги жеткен ички иштер башкармалыгынын, бөлүмдөрүнүн ордуна жаңысын куруп, ишке киргиздик. Санариптештирүү багытында заман талабына ылайык, “Бирдиктүү терезе” режиминде жарандарга кызмат көрсөткөн борборлорду, Мониторинг борборун, “Командалык борборлорду” ачып, жаңы үлгүдөгү автоунааларды бердик. Андан тышкары, жетиштүү деңгээлде бардык материалдык-техникалык базаны 90 пайызга чыңдап, ыкчам-кызматтык милдеттерди аткарууга толугу менен мыкты шарттарды түздүк.

— 100 жылдан кийинки заманбап коркунучтар жана чакырыктар орун алган азыркы коомдо кыргыз милициясы кандай болуш керек?

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, кылмыштардын жаңы түрлөрү пайда болуп, адамдарга өзүнүн залакасын тийгизип жатканын көрүп жатасыздар. Ошондуктан, Ички иштер министрлигинин алдында олуттуу заманбап аткара турган иштер турат. Элдин коопсуз жашоосун камсыздап, коомго ар түрдүү коркунучтарды жараткан бардык учурларга, заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берип, элдин коопсуздугун камсыздоону ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул багыттарда аткарган иштерибиз боюнча биз коңшу мамлекеттердеги кесиптештерден кем калышпайбыз.

Андан сырткары, учур талабына ылайык кызматкерлерибиздин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында ички иштер органдарынын кызматтарынын, бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда жалпы 311 тажрыйба алмашуу, практикалык, спорттук иш-чаралар, конференция, семинар, тренинг, тегерек столдор жана отурумдар уюштурулуп, өткөрүлгөн.

Эң башкысы, кыргыз милициясы элибиздин таянган тиреги жана ишеничи болушу шарт.

— ИИМди өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн реформалар жана ишмердүүлүгүнүн негизги приоритеттүү багыттары кандай?

Ички иштер органдарын реформалоо багытында зарыл болгон бардык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тагыраагы, акыркы 4 жылда бир катар жаңылануулар болду десек болот. Ички иштер органдарынын элибизге кызмат өтөө милдеттеринен баштап, материалдык-техникалык базасына чейин өтө чоң өзгөрүүлөргө жетиштик деп айтсам жаңылышпайм.

Эң алгач, ишмердикти жөнгө салган мыйзамдарды, кодекстерди жана ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүгө, милициянын ыкчамдыгын чыңдап, ишмердигин натыйжалуу аткаруусун бир тартипке келтире алдык.

Кызматкерлердин төрт мезгилде кийген сырткы формалык кийим-кечесин толугу менен жаңыладык.

Өздүк курамды, анын ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин заманбап жаңы санарип ыкмаларды колдонууга окутуп-үйрөтүп, элге сапаттуу тейлөө көрсөтүү боюнча жана адам укугун коргоону камсыздоо багыттарында бир топ тажрыйбалык даярдыктардан өткөрүп келе жатабыз.

Ааламдашуу доорунун жаңы талаптарына ылайык келген санарип системасын түзүп, ишке киргиздик. Ошентип, коопсуздукка байланышкан жаңы көз караштагы тутум бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Мурдагыдай болуп, региондордон маалыматтарды алып, андан кийин ошого жараша координациялоочу иш-чараларды уюштуруу жүргүзүү деген түшүнүктү биротоло жойдук. Санарип системасынын алкагында, бардык ички иштер органдары өз-ара аракеттенүү жүргүзүүсүнө жакшы шарттарды түзүп бердик.

Бишкек жана Ош шаарларында “Туристтик милиция кызматын”, ал эми Ысык-Көл облусунда “Туристтик экологиялык милиция кызматын” ишке киргизип, бардык техникалык каражаттар менен камсыздап бергенбиз. Жогоруда аталган туристтик жана экологиялык милиция кызматтарында жок дегенде чет элдик төрт тилди билген, чет элден окуу жайын ийгиликтүү аяктап келген улан-кыздарыбыз иш алып барышууда.

Мурда, кайсы бир массалык иш-чаралар болуп өтөөрдүн алдында же эл арасында резонанс жараткан окуяларга байланыштуу рейддик иш-чаралар өтүп келген. Ал учурда, чындыгында эле милициянын мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу. Учурда элибизге күнү-түнү талыкпастан кызмат кылууга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетиштүү.

Эң башкысы жарандарыбыз күндүз болобу же түнкүсүн болобу өздөрүн коопсуз сезиши керек. Ал үчүн республика боюнча 2 миң 800 кайгуул багыттары боюнча 4 миң 200 кызматкер 24 саат боюу көчөлөргө, коомдук жайларга жана эл көп чогулган аймактарга чыгып, жалпыга бирдей болгон коомдук эрежелерди сактоону камсыздоо ишмердигин алып барышууда.

Жарандардын чакырууларына тездик менен чыгып, жеринде кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында нөөмөт бөлүктөрүндө 76 ыкчам-тергөө топтору иш алып барышууда.

Талдоо боюнча карап көргөндө, Ички иштер министрлигинин автопаркы 2009-жылы 45-50% жаңыланып, андан бери 2021-жылга чейин жаңыланган эмес. 2021-жылдан баштап, акырындык менен жаңыланып отуруп, азыркы тапта автопарк 90% жаңыланды. Ошентип, акыркы 4 жылда 1000ге жакын жаңы автоунааларды алып, жер-жердеги шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө элге кызмат көрсөтүүгө таратып бердик. Андан тышкары, атайын күжүрмөн техникалардан баштап, тиешелүү санариптик технологияларга чейин белгиленген тартипте алып, иш жүзүндө колдонууга бердик. Мына ушул иш-аракеттердин баары, азыркы тапта өзүнүн жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат.

Ошондой эле, жалпы элдин коопсуздугуна жана өлкөнүн ички коомдук тартибин мындан ары чыңдоо максатында, ар бир жетекчиге 7 приоритеттүү багыт боюнча натыйжалуу иш-чараларды алып баруусун табыштаганмын жана бул багыттарга иштер аткарылууда.

Биринчи багыт: Элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоого арналган – Милициянын көчмө кабылдамалары күнү-түнү элдин кызматында иш жүргүзүп, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтсүн;

Экинчи багыт: Кылмыштын бетин ыкчам ачып, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөөнү мындан ары улантып, региондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу колго алынсын. Кылмыштарды жана окуяларды жаап-жашырууларга, жеке кызыкчылык үчүн иш алып барууларга жол берилбесин;

Үчүнчү багыт: Жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алууга арналган – “Таза тергөө” программасы бардык аймактарда ушул жылы толугу менен ишке киргизилсин.

Ар бир жарандын арызына туура юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде ишмердик жүргүзүп, элдин ишенимин жогорулатууга карата аракеттер колго алынсын;

Төртүнчү багыт: Жардам сурап кайрылган жарандарга жана милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө арналган – курулуштарды жүргүзүп, ишке киргиздик. Бирок, быйылкы жылы дагы кошумча курулуштарды ишке киргизүү маанилүү кадам болуп саналсын;

Бешинчи багыт: Элдин ишенимин жогорулатып, коомчулуктун таянган тиреги болууга арналган максаттарга тоскоолдуксуз жетүү үчүн – өз ичибизден тазалануу иштерин улантып жатабыз. Ички иштер министрлиги качан чечим кабыл алат деп карап отура бербей, өзүңүздөр да координалдуу чечимдерди кабыл алыңыздар. Пара алган, элдин нааразычылыгын жараткан, оройлонгон, текеберленген, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлер арабызда болбошу керек деген принципте иш алып барылсын;

Алтынчы багыт: Жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык нормаларды туу туткан кызматкерлерди даярдоо иш-чаралары жүргүзүлсүн. “Кызматыбыз эл үчүн” деген аталыштагы менин жеке кайрылуумдун алкагында ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого карата уюштуруу чаралары жана кызматкерлер арасында таалим-тарбиялык иштер натыйжалуу аткарылсын;

Жетинчи багыт: Бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун коопсуздук маселеси менен алектенген бирикмелердин катышуусунда, жаштар арасында, анын ичинде өспүрүмдөр арасында туруктуу негизде иш-чаралар өткөрүлүп турсун.

Мына ушул негизги багыттарды ишке ашырып, санарип тутумун өркүндөтүп, коомчулуктун коопсуздугун сактоого карата жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, натыйжада элдин ишенимин жогорулатып, кызматтык милдеттерди чыңдоого жетишкен жетекчи – эч качан жаңылыштыкка барбайт.

— Министрликте калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында санариптештирүү боюнча кененирээк маалымат берсеңиз?

Бүгүнкү күндө ааламдашуу доорунда Ички иштер министрлиги дагы замандын талабына жараша ички иштер органдарын санариптештирүү багытында бир катар иштерди аткарды десем жаңылышпайм. Дегеним, санарип системасын түзүп, бардык ички иштер органдарында ишке киргиздик. Ошентип, коопсуздукка байланышкан жаңы көз караштагы тутум бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Санарип системасынын алкагында, баардык ички иштер органдары өз ара аракеттенүү жүргүзүүсүнө жакшы шарттарды түзүп бердик.

Ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү эмне жумуш алып барып жатышканын онлайн көзөмөлдөөгө, жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алууга багытталган “Санарип Жибек-Жолун” ишке киргиздик. Бул системанын алкагында, кылмышкер болобу же дайынсыз жолгон адам болобу, алар боюнча бардык ички иштер бөлүмдөрү ошол замат маалымат алышып, аларды аныктап, табууга мүмкүндүктөр жаралды.

Катталган кылмыштуулук акыркы 3 жылда дээрлик 50 пайызга азайса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында дагы 17 пайызга азайды.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде зордуктоо, каракчылык, тоноочулук, уурулук, опуза талап, автотранспорт каражаттарын айдап качуу сыяктуу кылмыштардын саны кескин түрдө азайды.

Ошол эле мезгилде, кылмыштын бетин ачуу, калыс чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына жөнөтүү ишмердиги жакшырды.

Экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды аныктоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдамчылыктарга жана элдин жашоосуна терс кесепетин тийгизген кылмыштарга каршы аракеттенүү багыттарындагы иш-чаралар күчөтүлдү.

Санарип тармагын ишке ашырып, жаңы форматтагы заманбап ыкмаларды иш жүзүнө ашырып, материалдык-техникалык базаны чыңдагандан кийин, кыска мөөнөттүн ичинде Бишкек шаарында кылмыштын бетин ачуу 55 пайызга жогорулады.

Азыркы учурда, жол-унаа кырсыктарына бөгөт коюу жаатында тынымсыз аракеттерди көрүп жатабыз. Буга чейин айтып өткөндөй, “Автоурагандар” өлкөбүздүн 27 жеринде тынымсыз иштеп жатат.

Учурда мамлекеттик тейлөөнү сапаттуу көрсөтүү жана ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү үчүн республиканын бардык аймагында “Бирдиктүү терезе” режиминде калкты тейлөө борборлору жана пункттары иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигине тиешелүү республика боюнча 46 “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү атайын борборлору жана пункттары иш алып барууда. Кошумча ачылган борборлордун жардамы менен, алыскы айылдарда жашаган жарандар бир тактама алуу үчүн борборго же облустук борборлорго келип, узун кезекте туруп убара болуунун кажети жок. “Бирдиктүү терезе” аркылуу жарандын соттолгон же соттолбогондугун, автотранспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү тактамаларын, жарандык жана кызматтык куралды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча документтерди берет.

Ички иштер министрлиги ишмердикти санариптештирүү иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү аймактардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, кооптуу участкаларга санарип видеокамераларды орнотуу багытында натыйжалуу иш-чараларды уюштурууга жетишип, азыркы убакта республика боюнча видеокамералар ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Аталган борбордо “Видеодубал” аттуу мультимедиалык жабдуулардын комплекси орнотулуп, Кыргызстандын бардык аймактарындагы ыкчам кырдаалды камералар аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

“Санарип күзөт” долбоорун ишке ашыруу максатында, ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган күзөт пунктунда 2 видеодубал орнотулган. Ушундай эле видео дубалдар республика аймагындагы Күзөт башкармалык жана бөлүмдөрүнө коюлууда. 2024-жылдын 9 ай ичинде ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн кармоо топторуна 50 бодикамералар берилип, орнотулган видеодубалдарга чыгарылды. Ошондой эле, кармоо топторунун автоунааларында орнотулган GPS-навигациясы да видеодубалдарга чыгарылды. “Ыкчам күзөт” долбоорунун алкагында 25 даана планшет алынып, анын ичинен Бишкек шаардык күзөт бөлүктөрүнүн кармоо топтору үчүн 19 планшет тестирлөө түрдө ишке берилди. Калган электрондук планшеттер Нарын, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаардык күзөт бөлүмдөрүнүн кармоо топторуна берилди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын ишмердүүлүгүнүн ыкчамдуулугун жакшыртуу, ошону менен бирдикте кылмыштуулукту бурмалоого жол бербөө, ачык таза тергелүүсүнө көзөмөл жүргүзүү максаттарында автоматташтырылган маалыматтык-издөө тутуму кыскача «Таза Тергөө» программасы иштелип чыккан. Тутум жалпысынан окуя болгон жерден баштап электрондук камсыздоого жумшалган эксперт-криминалисттик кызматы окуя болгон жерде тарткан фото-сүрөт, видео тасмаларды жүктөйт. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин эксперттеринин корутундулары кылмыштын козголушуна жана туура юридикалык баа берүүдө багыт берет, ошол себептен алар тараптан чыгарылган эксперттердин корутундулары дагы электрондук түрдө киргизилет. Тергөөчү окуя болгон жердин кароо протоколдору, кылмыштын схемаларын, кылмыш иштин алкагында жазалган процессуалдык протоколдор жана токтомдорду жүктөйт. Бул программа аркылуу алыскы аймактарда кандай гана кылмыш болбосун ошол кылмыштын кандай болгонун окуя болгон жердин сүрөт баракчаларын, видео тасмаларын тез арада көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, жарандарды кабыл алууга бардык шарттары түзүлгөн 60 даана автоунаалары менен “Милициянын көчмө кабылдамалары” иш алып барып жатышат.

Милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, керек болгон учурда операторлор аркылуу тез арада жардам жөнөтүү, мыйзам бузууларды видеофиксациялоо жана кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жайкы туристтик мезгилинде кызмат өтөөсүн көзөмөлдөө максатында 1миң 602 даана төш видеокаттоочу сервердик жабдыгы менен алынып, Бишкек, Ош шаарларында толугу менен ишке кирди. Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жана жол көзөмөлдөө кызматкерлерине таратылып, алардын кызмат өтөөсү көзөмөлгө алынды.

Республиканын ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышында, маалыматтын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу үчүн байланыштын ишенимдүү, заманбап санариптик технологияларын киргизүү менен аналогдук радиобайланыштан санариптик шифрленген режимге өтүүнүн жүрүшүндө санариптештирилген радиостанциялар жана тиешелүү жабдуулар алынды.

— Коомдогу көйгөйлүү маселе болгон жол кырсыктарынын санын азайтуу, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында кандай иштер аткарылууда?

Учурда биздин өлкөдө көйгөйлүү маселелердин бири болгон жол кырсыктарына Ички иштер министрлиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Кыргызстында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Ички иштер министрлигинин тапшырмасы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча пропагандалык иштер, түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, автобекеттерде айдоочулар арасында, таксисттер арасында, жана окуучулар, ата-энелер арасында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган профилактикалык иштер уюштурулгандыгына карабастан жол кырсыктары катталууда. Андан сырткары, “Бахус”, “Рулда”, “Жөө жүргүнчү”, “Мектеп” жана башка рейддер өткөрүлүп жатат. Окуучулардын коопсуздугуна көңүл бурулуп, чоң жолдорго жакын мектептердин жанына жол тескөөчүлөрүн бөлүп бергенбиз. Мындан ары дагы күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар жүргүзүлө берет.

Бирок ошого карабастан айдоочулардын күнөөсү менен жүздөгөн жол кырсыктары орун алып келүүдө. Жалпы катталган жол-транспорт кырсыктарынын 60 пайызынан көбү айдоочулардын айдоочулук маданиятуулугунун өтө төмөндүгүнөн жана сапатсыз даярдалгандыгынан келип чыгууда.

Ошондой эле, жаш балдар, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштарга бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери, рейддер тынымсыз жүргүзүлүп турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан “Үй-бүлөлүк зомбулукка каршыбыз”, “Кароосуз калган балдар”, “Кайырчы”, “Түнкү өспүрүм”, “Мектеп”, “Мектеп рэкети” рейддик иш-чаралар, “Биз баңгизатка каршы”, “Сергек жашоо үчүн”, “Кылмыштуулукка жол жок”, “Биз зомбулукка каршыбыз!”, “Атам, апам жана мен-мыкты спорттук үй-бүлө” урааны алдында көптөгөн акциялар, жолугушуулар, спорттук, маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаралардын максаты – үй-бүлө мүчөлөрүнүн, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту алдын алууну, баңгизаттарга каршы күрөштү күчөтүүнү активдүү жүргүзүү жана аларды дени сак жашоого үндөө болуп саналат

Андан сырткары, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган мыйзамдын негизинде үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан үйлөрдү кыдырып, жарандар менен жолугушуп, мыйзамдарга каралган жоопкерчиликтер тууралуу түшүндүрүү иштери, жолугушуулар өтүп жатат.

Ишки иштер министрлигинин жалпы жамаатын жана сизди майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий