• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз милициясына 100 жыл! Күзөт кызматкери Ысык-Көлдүн 16 чакырымын сүзүп өттү

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Күн мурун Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери Улан Өмүралиев Ысык-Көлдүн 16 чакырым аралыгын сүзүп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиционер Кара-Талаа айылынан таңкы саат 05:45те сууда сүзүүнү баштап, саат 14:30да Тору-Айгыр айылында ийгиликтүү аяктаган. Ал 9 саатта жалпысынан 16 чакырым аралыкты басып өттү. Аны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристик-экологиялык милициясынын кызматкерлери коштоп жүрүштү.

Жээкте милиция кызматкерин кесиптештери жана жакындары салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Улан Өмүралиев бул ийгилигин кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнады.

Белгилей кетсек, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

Пикир

Оставить комментарий