• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргыз милициясына 100 жыл. Ошто маданий жана спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Ош облустук милициясынын кайгуул күзөт батальонунда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата маданий жана спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курманбек Айтибаев баштаган өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери, Ош ОИИБдин жетекчилери жана ИИОнун ардагерлери катышты.

Иш-чарада катышуучуларга учурдагы кызматтык кийимдердин үлгүлөрү, байланыш жана атайын техникалары, курал-жарак, атайын каражаттар, кызматтык автоунаалар тааныштырылды.

Өздүк курамдын кызматкерлери саптык жүрүш жана ок атуучу курал менен аткарылуучу ыкмаларды, ошондой эле массалык баш аламандык учурунда жарандарга коркунуч келтирген чабуулдардын мизин кайтаруучу күжүрмөн ыкмаларды чеберчилик менен көрсөтүштү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө аталган кызматтын уюшулгандан берки тарыхын камтыган даректүү фильм көрсөтүлдү.

Аталган кызматтын түзүлгөн күнүнөн баштап, азыркы учурга чейин басып өткөн тарыхын чагылдырган видеоролик көргөзүлүп, иш-чара жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий