• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргыз-орус экономикалык форумунда 200 млн долларлык 10дон ашык келишимге кол коюлду

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргыз-орус экономикалык форумунда 200 млн долларлык 10дон ашык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармарлыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, бул келишимдер жаңы ишканаларды ачууга жана мамлекеттик мекемелердин ишин илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.

"Акыркы 3 жылда эле фонддун каржылык колдоосу менен 100дөн ашык жаңы өнөр жай объектилери ачылды. Быйыл 40ка жакын ишкана ачылат. Ал эми кечээ фонддун кеңешинде 450 млн доллардан ашык жаңы долбоорлор жактырылып, келишимдерге бүгүн кол коюлат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында кыргыз-орус экономикалык форуму өтүүдө. Иш-чара 13-сентябрга чейин созулат. Учурда форумдун алкагында пленардык жыйындар жана B2B жолугушуулары уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий