• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз парламентине 80 жыл: ЖКны эл аралык өнөктөштөрү куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын эли Борбордук Азияда биринчи болуп өз өлкөсү үчүн өнүгүүнүн парламенттик демократия жолун тандап алды. Ошондон бери Кыргызстан чыныгы элдик бийликти бекемдөө, мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотуу, адам укуктары менен эрикиндиктерин коргоо, тынчтыкты камсыз кылуу, калк турмушун жакшыртуу жаатында ырааттуу аракеттенип келет. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Алиона Никулита кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

«Ушу тапта Кыргызстанда күчтүү жана жигердүү жарандык коом түзүлдү. Ал өнөктөш катары өлкөнүн баардык бийлик бутактары, анын ичинде Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташып, маанилүү мыйзам долбоорлору менен заман чакырыктарын талкуулоо, саясий чечимдерди кабыл алынуу жана алардын аткарылуу жүрүмүнө көзөмөл кылуу иштерине жакындан катышууда. Ошентип, кыргыз парламенти азыр өлкөнүн эӊ ачык мамлекеттик институттарынын бирине айланды», - деди Алиона Никулита айым.

Ал эми Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов ТүркПА атынан кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, илимий конференциянын катышуучуларын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Биналы Йылдырымдын куттуктоосу менен тааныштырды. Анда мындай деп айтылат: «Түркия 1991-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы өлкө болду. Мына ушул 27 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык алакалар парламенттер аралык мамилелердин өнүгүшү менен азыркы деӊгээлге жетип отурат».

Андан ары түрк парламентинин спткери парламент конституциялык түзүлүштүн пайдубалы болуп саналарын, анын ичинде кыргыз парламентинин демократиялык принциптерге таянуу менен, Кыргызстанда ачык коом куруу жолунда жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн мыкты мыйзамдарды иштеп чыгуу аракети мактоого татырлык экенин белгилейт. «Баарыдан мурда, кыргыз парламенти эл аралык айдыӊда өз ордун таба алганы бизди абдан кубандырат», - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий