Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" ААКтын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү №122 дарегинде жайгашкан "Кыргыз почтасы" ААКтын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Алынган маалыматтар боюнча, 2005-жылы айрым кызмат адамдары "Кыргыз почтасы" ААКтын административдик имаратын жеке адамга мыйзамсыз менчиктештирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган имарат ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Объекттин сметалык баасы 500 млн сомду түздү.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.
Пикир
Оставить комментарий