• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

«Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргызстандын биосфералык аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жеткире иштелбегендери жана кемчиликтери болгон бир нече себептерди жоюуга, жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдеринин, эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга жана «Ысык-Көл» биосфералык чөйрөнү жигердүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий