Бишкек, 13-июль /Кабар/. Америкалык конгрессмен-демократтар Брэд Шерман жана Грин палатанын кароосуна АКШнын президенти Дональд Трамптын Роосия менен болгон байланышын текшерүүгө тоскоолдук жаратканы үчүн импичмент тууралуу мыйзамын киргизди деп жазат “kommersant.ru”.
Шермандын айтымында, Дональд Трамптын Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы башчысы Джеймс Коми менен болгон сүйлөшүүсү жана Коминин кызматтан кетиши - бул сот акыйкаттыгына тоскоолдук жаратуу болуп эсептелет.
“Мен конгрессмен Эл Гриндин мага кошулганына кубанычтамын. Биз азыр Сот комитетинин Палатасын адилеттүү обструкция суроосу жана Россиянын биздин шайлоого кийлигишүүсү боюнча уктуруу өткөрүүсүн талап кылабыз”,-деп жазылат Брэд Шермандын билдирүүсүндө .
Конгрессмендин айтымында, Дональд Трамп - кенже билдирген маалымат, Трамптын шайлоо штабы Россиядан колдоо алууга аракет кылганынан маалымат берет.
“Азыркы кырдаал президент Трамптын жашыра турган бир нерсеси бардай сезим калтырып жатат. Себеби Трамптын Майкл Флиннге жана Россияга байланышкан маселелерди изилдөө иштерине тоскоолдук жаратуусу шек санатат”,-дейт Шерман.
Өткөн аптада “The New York Times” гезити 2016-жылдын 9-июнунда Дональд Трамп-кенже менен юрист Натальи Весельницкаянын жолугушуусу болгонун жазган. Жолугушууда ошондой эле, учурдагы Ак үйдүн башчысынын күйөө баласы Джаред Кушнер жана Пол Манафорт катышкан. Ал учурда бул жарандар президенттин шайлоо компаниясын башкарып турушкан.
Жолугушууну жеке ишкер жана ырчы Эмина Агаларованын суроосу менен PR-менеджер Роб Голдстоун уюштурган.
Пикир
Оставить комментарий