• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов падышалыктын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламент) Онунчу Комитетинин төрагасы, Сауд Аравия – Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири жана аталган Комитеттин мүчөлөрү менен видео байланыш форматында жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылы Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толорун канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын, ошондой эле кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу багыттарын жана парламенттер аралык байланыштарды талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Али бин Мухаммад Аль-Асири Сауд Аравиясынын жетекчилиги жана парламенти Кыргызстан менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Элчи У.Марипов 2022-жылдын май айынын үчүнчү декадасында Сауд Аравиясынын парламенттик делегациясынын башында турган Сауд Аравия - Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад Аль-Асиринин Кыргызстанга боло турган иш сапарын кубаттап, ушул сапарга байланыштуу мазмундуу жана уюштуруучулук маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз негизде түз байланышты улантып турууну макулдашты.

Маалымат үчүн: Сауд Аравиясынын Мажлис Аш-Шурасынын Онунчу комитети 13 мүчөдөн турат. Парламенттер аралык достуктун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларга төмөнкү мамлекеттер кирет: БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Йемен, Кытай, Корея, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан.

Пикир

Оставить комментарий