• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз спортчулары эми ЕАЭБ өлкөлөрүндө легионер болуп эсептелбейт

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Кыргыз спортчулары эми Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрүндө легионер болуп эсептелбейт. Мындай чечимди ЕАЭБ соту кабыл алды.

Мындан ары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн спортчулары бирикменин аймагында ээн эркин спорт менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, айрым спорт түрлөрүндө чет элдик спортчулардын санына чектөө бар. Эми кыргыз спортчулары андай чектөөлөргө алынбай, тең ата укукта болушат.

"ЕАЭБ тууралуу келишимдин 97-беренесинин 2-пунктунун кесипкөй спортчулардын эмгек ишмердүүлүгүнө колдонбогону аларга бөгөт болуп, бирдиктүү эмгек рыногун түзүүгө кедерги болууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикте – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар.

ЕАЭБ өлкөлөрү эмгек базарын коргоо үчүн ага мүчө мамлекеттердин жарандарына чектөө киргизе албайт. Чектөө улуттук коопсуздук жана коомдук тартипти камсыздаган кызматтарга гана киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий