• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Кыргыз спортчулары абадагы акробатика боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында абадагы акробатика боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдешке 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу, анын ичинде Кыргызстандан 7 спортчу кыз Гүлбара Болотова, Анастасия Ференц, Виктория Тарасова, Талия Айдарова, Бегимай Болотова, Дарья Коваль жана Арууке Борбуева катышты..

Кыргыз спортчулары эң мыкты натыйжаларды көрсөтүп, 3 алтын жана 3 күмүш медаль тагынды.

Алтын медаль:

  • Гүлбара Болотова — абадагы шакек;
  • Бегимай Болотова — абадагы шакек;
  • Анастасия Ференц — спорттук пилон.

Күмүш медаль:

  • Гүлбара Болотова,
  • Бегимай Болотова,
  • Талия Айдарова

Кыргызстан командасынын машыктыруучулары — Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекова.

Бишкек шаарынын мэриясы чемпиондорду жана алардын машыктыруучуларын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтүү жеңиши менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий