Бишкек, 05.01.25. /Кабар/. Кыргыз спортчулары кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында болот. Оюндар 11 спорттун түрүнөн өтүп, 64 комплект медаль ойнотулат.
Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий