Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Ашхабад шаарында Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров бир катар жолугушууларды өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын элчиси Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын мунай-газ комплекси, электр энергетикасы, курулуш, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси маселелерин тейлеген орун басарлары Аширгулы Беглиев, Баймурад Аннамамедов жана Аннагелди Язмырадов, ошондой эле Түркмөнстандын энергетика министри, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын түркмөн бөлүгүнүн төрагасы Хаджымухаммет Режепмырадов менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын белгилешти, жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-түркмөн келишимдеринин ишке ашыруунун жүрүшүн жана тараптардын кароосундагы эки тараптуу документтердин долбоорлорун алдыга жылдырууну талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелери жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы мүмкүн болгон багыттары каралды.

Элчи Мадмаров соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана эки тараптуу кызматташуунун форматтарын кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле бул комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын компетенттүү министрликтери менен ведомстволорунун ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга ниеттерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий