• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз-тажик алакасында жылуу мамиле жана позитивдүү жылыштар байкалууда – серепчи

Коом 0

Бишкек, 09.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргыз-тажик алакасында жылуу мамиле жана позитивдүү жылыштар байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине профессор, юридика илимдеринин доктору Урмат Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен дайыма достук мамиледе болуусу керек.

“Себеп дегенде, алыскы туугандан жакынкы коңшу артык дегендей, биз кошуна мамлекеттер менен дайыма жакшы мамиле түзүшүбүз зарыл. Бул багыттан алганда Эдил Байсаловдун жумушчу сапары менен Тажикстанга баруусу мындан ары дагы эки мамлекеттин ортосунда достук жана ынак коңшулук мамиле болуусу керектигин көрсөтүүдө. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди дагы да алдыга жылдырып, бекемдөө кажет”, - деди ал.

Аманалиев белгилегендей, учурда ынак коңшулук мамилелерге улай эле, эл аралык алакаларды да арттыруу зарыл. Мындан улам Эдил Байсаловдун Худжанд шаарына жумушчу сапары менен баруусу эки мамлекеттин бийлиги достук алаканы өнүктүрүүнүн маанилүүгүн түшүнө тургандыгы жана бул багытта иштерди улантуу керектигин далилдеп утрат. Бул бүгүнкү күндө эң башкы саясий милдеттердин бири.

“Эки мамлекеттин ортосунда бардык тармактар боюнча мамилелер жылышы керек. Ошол эле айыл чарбасы, суу чарбасы болобу, экономика, билим берүү, маданият болобу, кайсы гана тармак болбосун эки мамлекеттин ортосундагы маселелер ар дайым жакшы болуусу керек. Анткени бул алакалар эки мамлекеттин ортосундагы социалдык-экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга алып келет”, - деп белгиледи Аманалиев.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тараптын чакыруусу боюнча Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды. Жумушчу сапарынын алкагында Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризоинин жолугушуусу болду.

Пикир

Оставить комментарий