Бишкек, 04.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргыз-тажик чек ара маселесинин такталып, чечилишин жалпы кыргыз эли, анын ичинде Баткен эли көптөн бери күтүп келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселеси бир тараптуу чечилбейт, эки өлкөнүн тең кызыкчылыгынын негизинде чечилери бардыгына маалым.
“Баткен эли чек аранын чечилишин өзгөчө маанай менен күтүп жатат. Кудай буюрса кийинки иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча маселеге чекит коюлат деген үмүттөбүз”, - деди Калпаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги отуруму болду. Анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.
Пикир
Оставить комментарий