• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасы: Ак-Сайдан көчүрүлгөндөр 9 пунктка жайгаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Чек арадагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга көчүрүлүп келген Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Баткен шаарында 9 пунктка жайгаштырылган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектеген жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы жеринде күнү-түнү иштөөдө.

“Көчүрүлүп келген жарандар шаардагы №57-кесиптик лицейде, окуу жайлардын жатаканаларында, Алтын-Ордо, Ак-Сарай жеке менчик мейманканаларында жана ыктыярдуу түрдө жарандарды кабыл алган Бүшарипа Кадыралиеванын көп кабаттуу үйлөрүндө жайгашты”, - деп айтылат маалыматта.

Көчүрүлүп келгендердин саны 764 адамды түзөт, алардын ичинен 316сы 9 пунктка жайгашкан. 199 жаш балдар, 130 окуучулар. Калган 448 жаран убактылуу туугандарынын үйүндө турууда.

“Ар бир пункта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, саламаттыкты сактоо кызматынын, ички иштер кызматынын, өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлери нөөмөткө турууда”, - деп кабарлашты өкүчүлүктөн.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжал үстүбүздөгү жылдын 13-мартында чыккан.

Пикир

Оставить комментарий