Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун Протоколуна кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 1-7-сентябрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий