• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.09.24. /Кабар/. Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий