• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыкталышы аймактык кызматташтыкты жана коопсуздукту бекемдейт – Мамытов

Саясат 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин аякташы эки өлкө үчүн олуттуу саясий, экономикалык жана социалдык кесепеттерге ээ болгон маанилүү окуя болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эксперт Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, бул келишим Борбор Азияда аймактык кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоо үчүн жаңы перспективаларды ачат.

"Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо иштеринин жыйынтыкталышы өлкөлөр ортосундагы ишеним деңгээлин жогорулатат. Ошондой эле чек ара сыяктуу курч маселе боюнча макулдашууга жетишүү тараптардын чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын көрсөтөт. Ошону менен бирге чек аранын так аныкталышы инциденттердин тобокелдигин азайтат", - деди ал.

Мындан тышкары эксперт белгилегендей, чек ара маселесинин ийгиликтүү чечилиши аймактагы интеграцияны бекемдөөгө, региондогу ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон башка өлкөлөргө үлгү боло алмак.

Ошондой эле Токон Мамытов соода-экономикалык перспективаларга да токтолду.

"Чек ара талаш-тартыштарын жоюу соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт. Макулдашуулар жаңы транспорттук жана логистикалык каттамдардын курулушуна, байланышты жакшыртууга жана аймактагы экономикалык активдүүлүккө түрткү бериши мүмкүн. Чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү инвесторлордун ишенимин бекемдейт, бул эки өлкөнүн тең экономикалык өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процессинин жыйынтыгы аймактагы стабилдүүлүккө жана өнүгүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат. Эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эрки жана жетишилген өз ара түшүнүшүү туруктуу кызматташтыктын пайдубалын түзүүдө. Жакынкы келечекте экономикалык байланыштардын кеңейүүсүн, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын жана аймактык коопсуздуктун чыңдалышын күтсөк болот", - деди Токон Мамытов.

Пикир

Оставить комментарий