Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, ок атышуу токтоду

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19 /Кабар/. Бүгүн, 23-июль саат 07:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда, ок атышуу токтоду, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү.

Ведомстводон билдиришкендей, мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Учурда Исфара – Ворух автожолу жабык турат.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Баткен облусуна КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев учуп кеткен.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда саат 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Пикир

Оставить комментарий