• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, учурда абал туруктуу – Чек ара кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал учурда туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Баткен районундагы Аксай айылына кире бериште жайгашкан май куйган бекетте Тажикстандын жараны бекеттин кожоюну - Кыргызстандын жаранын сабап кеткен. Тажик жараны газды Тажикстандын башка жарандарына сатпоону талап кылып, агресивдүү түрдө Кыргызстандын 1964-жылкы Ж.Ж., аттуу жаранынын башына чаап салган. Жаракат алган жергиликтүү тургун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Тажикстандын жараны окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул окуяга нааразы болгон Аксай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух автожолун жаап салышкан.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Баткен аймагы жана Тажикистандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн жолгушуусу болгон. Кырдаалды курчутпоо жана жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү А.Мадумаров жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

2019-жылдын 4-июлу саат 02.00дө Исфара-Ворух авто жолу ачылып каттамдар жүрө баштаган.

Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды КР Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий