Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды.
КР УИА Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөө кечээ, 25-февралда болжол менен саат 17:21де катталып, очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен.
Жер титирөө Кара-Киндик жана Бор-Дөбө айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Пикир
Оставить комментарий