Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атылганын КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:50лөр чамасында Тажикстандын УКМКсынын чек арачылары Баткен облусунун Тескей аймагындагы такталбаган тилкеде буга чейин өтөгөн маршрутун өзгөртүп, кыргызстандык чек арачыларды тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан.

“Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр келип, өздөрүнүн сан жагынан артыкчылыктарын пайдалануу менен башка аймакка өтүүгө аракет кылышты. Бирок Кыргызстандын чек арачылары коңшу өлкөнүн жоокерлеринин ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада 10 мүнөттөй созулган атышуу болгон. Ок атышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок”, - деп айтылат маалыматта.

Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда ошол замат телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. Анын жыйынтыгында чек ара өкүлдөрү келгенге чейин окуя болгон жерден чек ара кызматкерлерин чыгаруу жана башка кошумча күчтөрдү жана каражаттарды киргизүүгө жол бербөө боюнча чечимдер кабыл алынган.

“Саат 11:45ке карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп билдиришти ведомстводон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкеси болуп санала тургандыгын, бирок аны Кыргызстандын жарандары иш жүзүндө пайдаланып жатканын белгилейт.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий