• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий