• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтер даярдала баштады

Саясат 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.

Андан соң, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий