• 87
  • 89.77
  • 0.79

“Кыргыз темир жолу” ишканасы узап кеткен жылы аткарылган жумуштарды тизмектеди

Коом 0


Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Узап кеткен, 2024-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы ири доолбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир топ жумуштарды жасады. Эң негизги басым - өлкө ичиндеги бирдиктүү темир жол линиясын куруу болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, стратегиялык мааниге ээ болгон эки ири долбоор ишке ашырылууда – Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Макмал жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолдорунун курулушу.

Кылымдын курулушу аталган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолуну курулушуна 27-декабрь күнү президент Садыр Жапаров старт берди. Бул долбоор бир канча жылдан бери жүзөгө ашпай келген, өлкө башчысынын колдоосу менен эл аралык маанидеги стратегиялык темир жолдун курулушу башталды.

Ал эми, Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Макмал долбоору өлкөнүн ички темир жол тармагын түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Аталган маршрут келечекте Макмалдагы кайра жүктөө бекети аркылуу Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкөдө бирдиктүү темир жол тутуму пайда болот. Азыркы тапта курулуш иштери Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жүрүүдө.

Ири долбоорлорду жүзөгө ашыруудан тышкары ишкана темир жол инфраструктурасын модернизациялоо, финансылык каражаттарды үнөмдөөгө алып келген технологиялык процесстерди оптималдаштыруу иш-чараларын аткарды.

27 чакырымдан ашуун темир жол жаңыланып, Турксиб бекетинен Токмок бекетине чейинки тилкеге толугу менен темир-бетон шпалдар орнотулду, ал эми магистралдык темир жолдо эскилиги жеткен рельстердин ордуна жаңы рельстер төшөлдү.

Компаниянын оңдоп-түзөө базасын модернизацилоо алкагында жаңы заманбап жабдыктар алынып, ишке берилди. Буга чейин коңшу өлкөлөрдө жасалуучу капиталдык ремонт жумуштарын Локомотив филиалынын базасында аткаруу үчүн жаңы жабдыктар алынууда.

Ошондой эле кыргызстандыктар гана эмес, чет өлкөлүк туристтердин назарын бурган Бишкек-Балыкчы каттамына вип жана вип-купе вагондору ишке киргизилди. Мындай креативдүү кадамдын жыйынтыгында бул багыттагыгы киреше өткөн жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, эс алуучулардын саны да кескин көбөйдү.

Аталган каттамды күз айларына чейин узартуу тууралуу чет өлкөлүк турфирмалардан сунуш түшүүдө. Эми өлкө ичиндеги билеттерди ticket.railway.kg сайты, railway.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Белгилей кетсек, буга чейин мындай мобилдик тиркеме болгон эмес.

Муну менен катар, Кыргыз темир жолу боюнча жүк ташуулардын кошумча көлөмдөрүн көбөйтүү максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Кытайдан баштап, Өзбекстан - Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Европа жана Түркия өлкөлөрүн камтыган мультимодалдык коридорлорун ишке ашыруу менен жүк ташуунун көлөмдөрү көбөйүүдө. Азыркы тапта транспорттук процесстерин санариптештирүү жумуштары жүрүүдө.

"2024-жылы Кыргыз темир жолу өзүнүн 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Бир кылымга тете тарыхы бар Кыргыз темир жолу өлкөнүн транспорттук тармагында өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Узак мезгил аралыгында топтолгон тажрыйба жана жетишкендиктер менен Кыргыз темир жолу бүгүнкү күндө кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Кыргызстанды туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий