• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл болду

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Быйыл кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл болду.

Мындан туура 35 жыл мурда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү Конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн.

2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анын алкагында мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий