• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз-венгер мамилелери кайра жаралуу доорун башынан кечирүүдө – элчи Кушчубеков

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Кыргыз-венгер мамилелери кайра жаралуу доорун башынан кечирүүдө. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков билдирди.

Анын айтымында, тарыхый окуялардан улам өлкөлөр ортосундагы байланыштар үзүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Венгрия өкмөтү "Чыгышка ачуу" деп аталган жаңы позициясын иштеп чыгуу менен акыркы 10-12 жылда Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасын өнүктүрө баштады. Бул динамика акыркы үч-төрт жылда өзгөчө ылдамдады.

"Биздин мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде өнүгүп жатат.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда мамлекет башчыларынын деңгээлинде да, башка лидерлердин деңгээлинде да мамилелердин жогорку динамикасы байкалууда. Мисал катары президентибиз эки жолу Европа багыты үчүн өзгөчө болгон Венгрияга барган. Жыл башында Жогорку Кеңештин төрагасы да Венгрияга расмий иш сапары менен барды. Бүгүн Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга келди. Бул өзгөчө Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде салтка айланып калганын айткым келет. Албетте, бул биздин мамлекет башчыларынын колдоосу менен эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы же динамикасынын ролун аткарган эң маанилүү эки орган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий