• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун акимдери Учкунбек Жоробаев менен Саидбахром Саидмусаев жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Өзбекстандын Сох районунун Шархабад жерлигинде өттү.

Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, эки тараптуу маданий иш чараларды өткөрүү маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Андан сырткары, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө делегация учурда инженердик курулмалар жүрүп жаткандыгына байланыштуу зарылчылыгы бар чек аралаш аймактарга зым тосмолорун куруу, түрдүү тоскоолдуктарга жол бербөө максатында элдерге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү, чыр-чатактардын алдын алуу жактары сүйлөшүлдү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий