Ташкент, 15.06.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кадимки бир дарыядан суу ичип, коюн-колтук алышып, куда-сѳѳк болуп жашап келе жаткан, кылымдарды карыткан кыргыз-ѳзбек достугун абайлап-асыроону элдерибиз ортосунда алтын кѳпүрѳ, журтубуздагы ынтымактуулуктун түбѳлүк данакери болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов осуят кылып калтырган. Бул тууралуу Ѳзбекстанда гана эмес, дүйнѳ коомчулугуна, жалпы түрк ааламына жакшы таанымал, Өзбекстандын Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун жетекчи кызматкери, философия илимдеринин доктору, профессор Бахтиер Каримов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Бахтиер Каримовдун айтымында, кѳп улуттуу Кыргызстан менен Ѳзбекстандын калкы президенттер Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдун жетекчилигинде бул осуятты туу тутуп, аны коомдук турмуштун бардык багыттарында ырааттуулук менен жүзѳгѳ ашырууга чогуу аракеттенип келүүдѳ. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүдө мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуулары чоң мааниге ээ болуп, өлкөлөр ортосундагы кызматташташтыкты бекемдейт. Ушул контексте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары абдан маанилүү болгон.
Тарыхы жана тагдыры бир болгон ѳзбек жана кыргыз калкы бир мезгилде эгемендикке ээ болду, Ѳзбекстан жана Кыргызстан дүйнѳ коомчулугунда эл аралык мамилелердин субъекти, БУУнун тең укуктуу мүчѳлѳрү катары тааныла баштады. Эгемендик жылдарында кыргыз-ѳзбек достугу тарыхтын тайкы жолдорундагы оор сыноолордо кайрадан чыңалды.
Каримов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эгемендик жылдарында ѳзбек-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого, бул мамилелердин алкагында көптөгөн маселелерди чечүүгө эбегейсиз салым кошкондугун, ѳзбек элинин бай маданияты, байыркы тарыхы, руханий ааламына дайыма улуу урмат-сый менен карагандыгын баса белгиледи. Улуу жазуучу ѳткѳн кылымдын 80-жылдарында “пахта иши”, “ѳзбектер иши” деп аталган доомат натыйжасында куугунтукка алынган Ѳзбекстан жана өзбек элинин ар-намысын эң жогорку деңгээлдерде тайманбастан коргоп чыкканын эскерди. Ѳз кезегинде Ѳзбекстан тарабынан Айтматовдун “Достук” жана “Улуу кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланышы ѳзбек калкынын улуу жазуучуга болгон урмат-сыйынын белгиси экендигин айтып ѳттү.
Окумуштуунун баамында, Чыңгыз Айтматов жазуучу, публицист, коомдук ишмер катары улуттун, этностор аралык мамилелердин маселелерине, айрыкча тилге ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп келген. Ушундан улам Бахтиер Каримов кѳп изилдѳѳлѳрүнүн натыйжасы катары пайда болгон “орто түрк тили” тууралуу идеясын улуу жазуучу менен ортоктошконун баяндап берди.
“Мен Чыңгыз Айтматов менен эки жолу бетме-бет жолугушканмын. Биринчиси 1995-жылы Ташкентте болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин форумунда. Анда Ѳзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримов ортого таштаган “Түркстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген концепция талкууланган. Улуу жазуучу бул идеяны колдоп-кубаттап, аны мүмкүн болушунча ишке ашырууга аракет кылган. Форумдун алкагында мен Ч. Айтматовго орто түрк тили жөнүндө кыскача айтып берүүгө жана бул тил боюнча китептеримди тартуулоого жетиштим”, - деп эскерет окумуштуу.
Замандашыбыздын Айтматов менен экинчи жолугушуусу 2004-жылдын 1-сентябрында Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 13 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чарада ѳткөн.
Жолугушуунун кыска болушуна карабай, орточо тилдер түшүнүгү, орто түрк тили, орточо дүйнөлүк тил тууралуу кыскача баяндалган пикирден соң залкар жазуучу негизги идеяны дароо түшүнгѳн. Ал бул идеялардын зор мааниге ээ экендигин, тилдери тектеш элдердин маданиятын жакындатуу жолдорун, өзгөчө түрк элдеринин маданияттарынын тагдыры жана бул максаттарга адабияттардын өз ара алакаларын байытуу аркылуу жетишүү тууралуу ой толгоп жатканын айткан.
Ошондой эле ал орто тилдерди түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонбогондугун, бирок буга мисалдар барбы деп сураган. Ошондо окумуштуу, мындай мисалдар жок, тилдерди орточолоо ыкмасы жаңы ыкма, али колдонула элек, бирок орточо тилдерди түзүүнүн жол-жобосу адабий жазуу жаратуу процедурасы менен белгилүү бир окшоштукка ээ, деп жооп берген. Башкача айтканда, соңку мезгилдерде жазуучулардын, акындардын, публицисттердин, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин тобу тарабынан колдонулган улуттук адабий тилде лингвистикалык нормалар интуитив түрдѳ колдонулуп, орто тил жаратылып жатканын айткан.
Окумуштуу бул процедураны математикалык жана компьютердик лингвистиканын ыкмаларын колдонуу, ар бир тектеш тилдин өкүлү болгон лингвисттерди тартуу, Эл аралык Ортотүрк тили институтун түзүү менен жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген. Ошол эле учурда орто тилдер улуттар аралык карым-катыштын тилдери катары колдонулат, ал эми улуттук тилдер улуттук мамлекеттерде расмий тилдер катары сакталып кала берет. Орто түрк тили БУУ тарабынан жетинчи эл аралык, дүйнөлүк тил катары таанылып, түрк тилдүү калктар ортосундагы кызматташтыктарды мындан ары да жогорку денгээлге чыгарууга ѳбѳлгѳ болоорун билдирген.
Чыңгыз Айтматов бул концепцияга абдан кызыгып, аны жогору баалап, орто тил тууралуу илимий адабияттардын дарегин сураган жана бул долбоордун үстүндө иштөөдө ийгиликтерди каалаган.
“Чыңгыз Айтматов менен экинчи жолу жолугушууда жанымда магнитофондун жоктугуна жана анын өтө орчундуу ой-пикирлерин, идеяларын жаза албаганыма, ошондой эле мен үчүн мындай маанилүү учурду фотосүрөткѳ тартып ала албаганыма өкүндүм. Ал эми 20 күндөн кийин улуу уулум Баходир мага Айтматов орто түрк тилинин концепциясын жогору баалаган маалыматтарды интернеттен тапканын айтты. Көрсө, жазуучу 2004-жылдын 18-сентябрында Түркиядан келген Измир товар өндүрүүчүлөр палатасынын делегациясы менен болгон маегинде ааламдашуу доорунда элдердин кызматташтыгын чыңдоо керектигин белгилеген. Түрк дүйнөсү акыркы кезде анын эң жогорку идеалы орто түрк тилинин жаралышы экенин, аны жаратуу үчүн түрк элдеринин биргелешип активдүү иш алып баруусу, бул үчүн институттарды, сөздүктөрдү, энциклопедияларды түзүү, көптөгөн иштерди жүргүзүү зарыл экендигин, түрк тилдеринин бирин билген адамдар менен котормочуларсыз баарлашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну айткан. Бул маалымат түрк сайттарында “Чыңгыз Айтматов. Менин идеалым орто түрк тилинин жаралышы”, деген тема менен жарыяланган экен”, - деп эскерет окумуштуу.
Профессор Каримов илимий адистер, изилдѳѳчүлѳр Фейсбуктагы “Ortaturk tili – Язык ортатюрк – The language ortaturk” социалдык тармактан кенен маалымат алышары мүмкүндүгүн кошумчалай кетти.
Окумуштуу ѳз маегинин соңунда Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун даанышмандык менен жүргүзүп жаткан саясаттарынан улам, учурда эки мамлекеттин ортосунда саясий, соода-экономикалык, гуманитардык-маданият тармактарындагы ѳз ара мамилелер сапат жактан жаңы, жогорку деңгээлге кѳтѳрүлгѳнүн баса белгиледи.
“Жогорку дэңгээлдеги жолушууларда талкууланган маселелер, кабыл алынган чечимдер, белгиленген багыттар Ѳзбектан жана Кыргызстандын, Борбордук Азиянын, жалпы түрк ааламынын ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ, коомдук турмуштун бардык багыттарында, ошондой эле, маданият жана тил алкактарында ѳз-ара жакындашууга олуттуу ѳбѳлгѳ болот, анткени калкыбызда “тил, дил жана аракет бирдиги” деген нукура сѳз бар”, - деп жыйынтыктады Каримов.
Маалымат үчүн: Бахтиёр Рахмонович Каримов 1949 жылы Каракалпакстандын (Өзбекстан) Беруни районунда туулган, өзбек окумуштуусу, философ, философия илимдеринин доктору, профессор. БУУнун Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын, Ѳзбекстандагы Эл аралык "Туран" академиясынын академиги, Эл аралык Алтай таануу жана түркология борборунун (Казакстан) президиумунун ардактуу мүчөсү, Америкалык Биографиялык Институттун консультациялык кеңешинин мүчөсү, Англиянын Кембридж университетинин алдындагы Эл аралык биографиялык борборунун "XX кылымдагы тил илиминдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн" сертификаттын ээси "XX кылымдын 2000 атактуу интеллигенти" китебине киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий