Айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Ал эмгекке жарамдуу калктын 50%ын иш менен камсыздап, өлкөнүн ИДПсынын беш бөлүгүн түзөт. Ал гана эмес, айыл жеринде өлкөнүн жарандарынын 60%ы жашайт. Алар түшүмдүүлүктү жакшыртуу үчүн жер семирткичтерин колдонушат. Учурда жер семирткичтердин көп бөлүгү Кыргызстанга тыштан ташылып келет. Бирок, бул семирткичтер Кырызстанга ылайык келеби, жокпу маселе бойдон калууда.
Өлкө үчүн жер семирткичтердин кандай түрлөрү керек экенин билүү үчүн “Кабар” МА кыргыз-гумат атамекендик органикалык жер семирткичтердин автору Юсуп Ташировго кайрылдык.
Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн жер семирткичтердин таасирдүүлүгү россиялык жана чет элдик өндүрүмдөгүлөрдөн кыйла ашып түшөт.
Ал чет элдики өздөрүнүн климатына, топурагына арналганын айтат. “5 негизги көрсөткүчү гумус, РН көлөмү (кычкыл же щелочтуу, тактап айтканда, туздуу топурак) жана 3 макроэлемент (азот, фосфор жана калий) бар. Азот, фосфор жана калийдин курамы бир аз окшош”, - дейт Таширов.
Кыргызстандык органикалык жер семирткичтин автору белгилегендей, маселе топурактын жана РН (щелочтуулук) курамында гумустун болушунда турат. “Бул сыяктуу дарылардын ичинен россиялык жер семирткичтерде гумус эки эсе аз, жада калса, биздикине салыштырмалуу 3-4 эсеге чейин. Кореялык дарыларда гумус 20 эсе аз болот. Россиялыктарда щелочь 9 бирдик жана андан жогору деңгээлинде, тактап айтканда, щелочтуу. Ал эми мындай жер семирткичтер биздин топуракка ылайык келбейт, себеби биздин жерде гумус аз. Башкача айтканда, топурактын курамында гумус өтө аз, ал эми гумус – бул жогорку түшүм алуунун эң жогорку азыктандыруучу компоненти”, - деп белгиледи ал.
Таширов ошондой эле, Кыргызстандын түндүгүндө топурактын щелочтуулугу 8,5 жана андан жогору, түштүктө 9-10 балл экенин кошумчалады. “Россиялык топурак щелочтуу же кычкыл. Ошол эле учурда анда гумус 5-6 деңгээлинде. Тагыраагы, негизги азыктандыруучу компонент өтө көп. Ошондуктан алар жогорку щелочтуу дарыларды чыгарышат”, - деп түшүндүрдү Таширов.
Анын айтымында, Кыргызстанга 9-9,7 балл щелочтуу жер семирткичтерди ташышат. 15 жылдан кийин республика топурагы шордуу болуп калышы мүмкүн.
Көрүлүп жаткан бардык чараларга карабастан, кыргызстандык дыйкандар колдоруна тийгенин, келечекти ойлонбостон колдонушууда.
“Мен 5 жылдан бери республиканы кыдырып жүрөм. 300 айыл аймакта тренинг, семинарларды өткөрдүм. Учурда Айыл чарба министрлиги менен иштешип жатам. Бирок алар өлкөдө райондук деңгээлдеги тренинг жана семинарларды өткөрүп жатышат”, - деди ал.
Таширов белгилегендей, атамекендик жер семирткичтердин негизги сырьесу кычкылдандырылган, энергетикалык эмес Кара-Кече, Миңкуш көмүр калдыктары.
“Жер менен күйгөн көмүрдүн ортосунда 2-3 метр көмүр чаңы – пласт бар. Бул кычкыл энергетикалык эмес чаңда 80% органикалык масса бар. Бирок, бул бардык эле жерде кездеше бербеген пластты табуу зарыл”, -деп белгилейт органикалык жер семирткичтин автору.
Ал ошондой эле, анын компаниясы бүт республиканы жер семирткич менен камсыздоого жетишип жатканын кошумчалады.
Атамекендик жер семирткичтердин төмөн деңгээлин Таширов дыйкандар топуракты байытуу үчүн кандай дарыларды колдонуп жатканын өз ара айтышпай жатканына байланыштырды. “Биз жер-жерлерде баары эле эмнени колдонуп жатканын айта бербестигин билебиз. Биздин дыйкандар коңшусунукуна караганда өзүнүкү көп болсо дейт. Мага жакында бар агроном-фермер келип, коңшулары жергиликтүү жер семирткичтерди колдонуу буудайга кандай таасир берерин байкап жатышканын айтып берди”,- деди ал.
Жергиликтүү жер семирткичтердин таасирдүүлүгүнүн мисалы катары Ю.Таширов мурдагы айыл чарба министри А.Жаныбековдун тажрыйбасын келтирди. Ал өткөн жылы гуматты арпага колдонуп көргөн. “Ал гектарынан 68 центнер алган. Кыргызстандын тарыхында кайрак жерден мындай түшүм алынган эмес. Ал биз сунуштаган бардык технологияларды колдонду. Эки жолу жер семирткич чачып чыкты. Натыйжада жогору түшүм алды. Демейде мындай жерлерден 9-12, көп дегенде 20-25 центнерден алышат. Ал эми бул адам 5 эсе көп алган”, - деди ал.
Ал ошондой эле, кубанган мурдагы аткаминер 100 тонна эгинди айылдаштарына бөлүп берип, кийинки жылы канча алса, ошону гана кайтарууну, ашыкча кереги жок экенин сураган.
Таширов белгилегендей, анын фирмасы бул багытта туруктуу иштейт.
“Бул Кыргызстандагы биринчи атамекендик жер семирткич. Ал элеттиктер арасында кеңири колдонулууда. Илимий иштелип чыккандар бар, бирок, алардын бири дагы дыйкандарга жеткен эмес”, - деп белгилейт ал.
Бай-гумат деген дагы бир атамекендик өндүрүштөгү, Илимдер академиясы жасаган дары бар. “Гумафоз жасаганбыз, окумуштуулар эксперименттерден чочулап, бардык иштеп чыгуулар лабораториялык шартта жасалат. Анализ учурунда жер семирткич алышат. Иш жүзүнө келгенде эч майнап чыкпай калат. Мисалы, мен, үч жылдын ичинде миңдеген эксперименттерди жасап чыктым, бирөө ишке ашты. Аны Илимдер академиясына алып бардым. Мында окумуштуулар ишке ашканына бир ай бою ишене албай жүрүштү”, -деди ал.
Ал республикада анын фирмасынан тышкары эч ким мындай жер семирткичтерди чыгарбай турганын кошумчалады. “Даяр түштүк кореялык жер семирткичтер бар. Алар Кыргызстанга ташылып келип, бөтөлкөлөргө куюлат. Мурда жакшы болчу, азыр начарыраак, себеби, суу аралаштырышат”, - деп белгиледи ал.
Таширов өзбектердин ошол эле химиялык жер семирткичтерине салыштырмалуу, кыргыз дарылары органикалык болуп саналарын кошумчалады.
Эрмек Абдрисаев,
“Кабар” МАБ
Пикир
Оставить комментарий