Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Сатыгул Жоробаев дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 12-ноябрь күнү Сатыгул Жоробаевди аталган ишкананын эмгек жамаатына Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев тааныштырган.
Жоробаев авиация тармагында 17 жылдан бери иштеп келет.
Пикир
Оставить комментарий