• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

“Кыргызаэронавигация” материалдык-техникалык базасын жакшыртууда

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. “Кыргызаэронавигация” өлкө аймагындагы материалдык-техникалык базасын жакшыртууда. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Кемелбеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, материалдык-техникалык базасын жаңылоого ишкана өз акча каражаттарын жумшап жатат. 2023-жылдагы таза пайданын 50%ын колдонуу менен бир катар иштер аткарылды.

“Манас” аэропортундагы билдирүүлөрдү автоматтык коммутациялоо борборун модернизациялоо иштери аяктады. “Ош” аэропортуна метерологиялык жабдууларды сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. “Ысык-Көл”, “Казарман”, “Каракол”, “Нарын” жана “Талас” аэропортторуна радиостанцияларды алуу үчүн тендер аркылуу жабдуулар алынды. Эми 2024-жылга карата түзүлгөн бизнес-планга ылайык, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында жүзөгө ашыра турган иштерибиз бар”, - деди Кемелбеков.

Белгилей кетсек, 2022-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканалар бюджетке таза пайдасынын 50 пайызын төлөөдөн бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий