• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

“Кыргызалтын” геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензияга ээ болду

Экономика 0

Бишкек, 01.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Кыргызалтын” геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензияга ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эми ишкана лицензияларга ылайык, геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү иштерин баштайт.
- Үңкүрташ ири алтын кени (Үңкүрташ, Каратөбө, Сарытөбө);
- Теректин жана Каракаланын алтын жана жез кендери;
- Чакуш алтын кени;
- “Миронов” алтын жана жарым металлдар кени;
- Балажан кварцит кени;
- Чекчей кварц кени;
- Миң теке көмүр кени;
-Таш-Булак участогу, Кызыл-Омпол кени.

“Бул лицензиялар боюнча учурда активдүү иш алып барып жатабыз. Кендердин потенциалы изилденүүдө. Кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын негизинде тигил же бул кенди биргеликте иштетүү боюнча инвесторлор арасында сынак уюштурулат”, - деп белгиледи Нарынбек Сатыбалдиев.

Пикир

Оставить комментарий