• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызcтандын элчиси Пакистандын Сенатынын төрагасынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Кыргызcтандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Сенатынын төрагасынын орун басары Мухаммад Мирза Африди менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү ролун баса белгилеп, бул жаатта байланыштарды активдештирүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Жакынкы убакытта Кыргызстан менен Пакистандын парламенттеринин спикерлеринин деңгээлинде өз ара иш сапарларды уюштуруу максатында күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошону менен бирге кыргыз-пакистан соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын күн тартибинин айрым аспектилери талкууланды.

Тактап айтканда, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында сооданын жана инвестициянын өз ара пайдалуу жана келечектүү жолдорун табууга жана алдыга жылдырууга багытталган жигердүү иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын бардык спектрин өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий