Кыргыздын желеги үч улуу тоодо көтөрүлдү

Спорт 0


Бишкек, 06.06.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Кыргызстандын желеги дүйнөдөгү эң бийик үч улуу тоодо көтөрүлдү. Булар Эверест, Лхоцзе жана Макалу чокулары.

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бул жолку экспедиция ийгиликтүү аяктаганын айтып, эми Пакистандагы эң бийик тоого чыгууну мерчемдеп жатканын билдирди.

“Буюрса мекениме келдим. Эки же үч аптанын ичинде ден соолугумду карап, шарт болсо 25-июнда кайра сапарга чыгам. Азыркы тапта Пакистанга виза алынды. “К2” деген эл аралык экспедиция болот. Ал эң оор тоо. Бийиктиги 8611 метрди түзөт. Мен ага чыгууга аракет кылам”,- деди Эдуард Кубатов.

Атай кетсек, Эдуард Кубатов Непалдагы Гималай тоосунун Лхоцзе жана Макалу чокусун кычкылтек колдонбостон багындырып, рекордду жаңыртты. Мындай кубанычтуу жаңылык Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болду. Ал өзүнүн ийгилигин эгемен мамлекетке арнаган.

Пикир

Оставить комментарий