• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргыздын желегин желбиреткен балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Кыргыздын желегин желбиреткен балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маалыматка ылайык, сыйлыктар өнөктөштөр менен биргеликте "Алтын Альянс" клмпаниясы тарабынан берилди.

Былтыр күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алдында компаниянын башкы директору Сабир Рахматов спортчуларга жолугуп, бир жылдык витаминдер жана спорттук кийимдерди тапшырган. Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнө чемпионатында алдыңкы орун алгандарга унаа белек кыларын убадалаган.

Ошентип, 2023-жылдын сентябрь айындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш тагынган. Жакында эле эки спортчу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байге утуп алышты.

Бүгүн, 22-апрелде "Альянс Алтын" компаниясы өнөктөштөрү "Аджи Сервис" ЖЧК, "Кыргыз Логистик Сервис" ЖЧК, "ААЕngeneering" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына убадаланган унааларды тапшырды.

Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы КР Улуттук Олимпиада комитети менен өлкөбүздүн спортчуларын колдоо багытында тыгыз иштешип келет. Комитетке каржылык жактан колдоо көрсөтүү максатында акыркы үч жылда 6 (алты) миллион сом которгон. Андан тышкары, компания Талас облусундагы көптөгөн спорттук иш-чараларга демөөрчүлүгүн көрсөтүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий