• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Кыргызфармация" ишке киргенден бери ооруканалардагы дары-дармектин баасы арзандады – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. "Кыргызфармация" ишканасы ишке киргенден бери Кыргызстанда дары-дармектин баасы арзандады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу ооруканаларда дары-дармектин баасы 200-600%га чейин арзандады.

"Кыргызфармация" ишканасы дары-дармек чыгарган тарап менен түз иштешип, анын жыйынтыгында мындай арзандатууларга жетишүүдө. Буга чейин менчик фармацевтикалык компаниялар дарыны алып келип баасын өздөрү коюп, тендер менен сатып келишкен", - деди ал.

"Азыр "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы дары-дармек өндүргөн заводдор менен түз келишим түзөт. Заводдон алынган баага жол кире жана кызматкерлердин айлыгын жабуу үчүн 5% гана кошулат", - деп белгиледи министр

Эске салсак, "Кыргызфармация" ишканасы 2023-жылы түзүлгөн. Ишкананын максаты жана милдети — мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары каражаттары, медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.

Пикир

Оставить комментарий