Бишкек, 27.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Узап бараткан жылы “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 497 млн сом каражат үнөмдөдү. Бул тууралуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Наргиза Тохтасинова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 80-400 пайыз арзандатуу менен өлкөнүн аймактарына жалпы 3,5 млрд сомго дары каражаттары жеткирилди.
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жылдын башында жашоого маанилүү болгон дары-дармектердин тартыштыгын жоюу, баа саясатын жөнгө салуу жана сатып алгандарды борборлоштуруп, оптималдаштыруу максаттарын коюп, орундады. Бүгүнкү күндө Россия, Кытай, Индия Европа өлкөлөрүндөгү 175 өндүрүүчү менен түз келишим түзүлүп, тизмедеги дары каражаттардын саны 1 миңге жетти. Арзандатуу менен жалпы 3,5 млрд сомго дары каражаттары жеткирилди. Анын 1 млрд 500 млн сомун жогорку технологиялар фонду каржыласа, ал эми борборлоштурулган иштердин алкагында 405 млн сомго дарылар келди. Ошентип сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражатынын жалпы суммасы 497 млн сомду түздү”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий