• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

"Кыргызфильмдин" мурдагы директору Айнагүл Токобаева көз жумду

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын кинопродюсери Айнагүл Токобаева 62 жашында көз жумду. Бул тууралуу киностудиянын сайтында маалымдалды.

Айнагүл Токобаева 1962-жылы 13-августта туулган. 1983-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) экономика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында экономист болуп баштаган.

2007-2023-жылдары "Кыргызфильмдин" директорунун биринчи орун басары болгон. 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин киностудияда директор болуп иштеген.

Кинематографисттер союзунун мүчөсү, улуттук киного кошкон салымы үчүн “Кыргыз киносунун отличниги” жана “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” наамдары менен сыйланган.

"Айнагүл Токобаева киностудияда иштеп жүргөндө өзүн кино өндүрүшүнүн татаалдыгын түшүнгөн мыкты экономист, калыс жетекчи жана кесипкөй уюштуруучу катары көрсөтө алды", -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий