• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Кыргызкөмүр” ишканасына төрт жолу эскертме берилген — Монополияга каршы агенттиги

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өз убагында көмүр менен камсыз кылбагандыгына байланыштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына төрт жолу эскертме берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, эскертме 2021-жылдын июнь айынан бери берилип келген.

“Тилекке каршы, алар кайсы бир себептерден улам ушундай ишке барган. Бирок бүгүнкү күндө кырдаал туруктуу. Көмүрдүн көлөмү жетиштүү”, - дейт ал.

Тайлаков көмүр сатууда жеке субъекттилер тарабынан мыйзам бузуунун 197 учуру катталганын белгилейт.

“Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан аларга Бузуулар кодексинин негизинде 36 айып салынды. Ошондой эле Казакстандан көмүр ташып келген тараптар менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ички рынокто ал көмүрдүн көлөмүн көбөйттүк, баасы 4 миң 500 сомдон ашкан жок”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий