"Кыргызкөмүрдүн" директору энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Жакыпов Мирлан Мустафаевич КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин "Кыргызкөмүр" МИнин директору кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий