• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Кыргызнефтегаз" иш учурунда жаракат алган кызматкерге 1 млн сомдон ашык акча төлөп берди

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. "Кыргызнефтегаз" ААК 2023-жылдын 27-февралында өндүрүштүк жаракат алган 3-категориядагы бургулоочунун жардамчысы О.у.А.га төлөмдөрдү төлөп берди.

Эмгек мыйзамдарын текшерүү жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, жабырлануучуга 60 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Дары-дармектерди дарылоо жана сатып алуу үчүн эсеп-фактуралар боюнча 33 миң 798 сом төлөндү.

III топтогу майыптыгына байланыштуу О.у.А.га 1 млн 106 миң 451 сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул, ошондой эле 17 миң 74 сом 87 тыйын мөөнөтсүз негизде ай сайын жоголгон компенсация төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий